АКШ төрт кыргыз компаниясына санкция салды

АКШ Россияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды. Кошмо штаттардын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жайгашкан ишканалар санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Россияга мезгил-мезгили менен жөнөтүп турган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Москванын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган.

 

Ал арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирди.