Ош шаарында үй тибиндеги дагы бир бала бакча ачылды

Ош шаарында бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү жана «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча иштер уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыктарында аталган программанын алкагында «Аймээрим» аталышындагы үй тибиндеги бала бакчасы ачылды.

 

Ош шаарында үй тибиндеги бала бакчалардын жеңилдетилген шартта ачуу боюнча эл арасында калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн атайын жумушчу топ иш алып барууда.

 

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагындагы долбоордун максаты — өлкөдөгү чакан бизнести колдоо жана үй-бүлөлөргө үйүндө же батиринде үй тибиндеги бала бакча уюштурууга жардам берүү, документтерди алууну жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.