Кыргызстанда 3 жылда 186 бала бакча курулду

Кыргызстанда 3 жылда 186 бала бакча курулду. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, балдарды мектепке чейинки билим менен камтуу 26 пайызды түздү.

 

Ведомство бул көрсөткүчтү 40 пайызга жеткирүүнү пландап жатат. Ал үчүн Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өлкө аймактарында 560 кыска мөөнөттүү бакчалар ачылат.

 

Андан тышкары, “Өкмөттүк акселераторлор” долбоорунун алкагында жеке ишкерлерге үй шартында бала бакча ачууга уруксат берилген. Кошумчалап кетсек, жалпысынан өлкөдө 1 миң 834 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.