Өлкө боюнча он райондук электр тармактарында акылдуу эсептегичтер орнотулду

Өлкө боюнча он райондук электр тармактарында акылдуу эсептегичтер орнотулду. “Улуттук электр тармактары” ишканасынын маалыматына караганда, акылдуу эсептегичтер Каракол, Түп, Чолпон-Ата, Нарын, Кочкор, Тянь-Шань РЭСтери, Жалал-Абад жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу кызматы, Талас жана Үч-Коргон участогунда толук орнотулду. Баткен шаарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу 50 пайызга аяктады.

 

Жакын арада өлкөнүн бардык аймактарында 650 миң акылдуу эсептеги орнотуу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.