Бишкек жана Чүй облусунун коомдук тамактануу жайлары текшерилип жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул тез татым жайындагы массалык уулануу фактысынан кийин өлкөдө тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлгөн иш-чара.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр Экономика министрлиги менен такталган.
Бүгүнкү күнгө карата 83 субъект текшерилди. Санитардык талаптарды аткарбаган тамактануу жайларга 100 миң сомго айып салынды.