Кыргызстан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Маалыматта белгиленгендей, президент Садыр Жапаров быйыл февралда коопсуздук боюнча аймактык жыйында жана БУУнун Башкы ассамблеясынын 75 сессиясында да аталган өлкөгө жардам берүүгө эл аралык коочмулукту үндөгөн.

 

Афганистанга Кыргызстандан буга чейин да азык-түлүк, кийим-кече, балдарга оюнчук жана дары-дармек жеткирилген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.