Москвадан келген эс алуучулар түз көлдүн жээгине барып конууда. “Манас” эл аралык аэропорттун басма-сөз кызматынан эске салышкандай, россиялык авиакомпания тарабынан Москва – Тамчы – Москва каттамы жумасына 3 ирет аткарылып жатат.
Лайнерлер шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учат. Бул багыт май айында ачылып, туристтик сезондун аягына чейин аткарылып турат.