Чүй облусунда фармацевтикалык завод ачылды

Чүй облусунун Сокулук районунда фармацевтикалык завод ачылды.

 

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, жаңы ишкана жылына 18 миллион литр инфузиялык эритмелерди, 57 миллион инъекциялык ампулаларды жана 31 миллион флакон көзгө тамчылатма дары чыгарат деп күтүлүүдө.

 

Завод толук ишке кирсе 100гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

 

Аянты 4 миң 500 чарчы метрди ээлеген ишканада бардык кампалар эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган. Алсак, Италия, Германия, Түштүк Корея өңдүү алдыңкы өлкөлөрдүн заманбап жабдуулары менен камсыздалган.

 

Заводдун ачылышы менен дары-дармектердин баасы төмөндөй турганы жана импортко көз карандылык азайары белгиленди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.