Кыргызстанда дары-дармектин баасын жөнгө салуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирет

Кыргызстанда дары-дармектин баасын жөнгө салуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирет. Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү токтом долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

 

Документке ылайык, министрлер кабинети тарабынан Жашоого зарыл дары-дармек улуттук тизмесине кирген препараттардын баасы жөнгө салынат. Көзөмөл жүргүзүү Дары каражаттары департаментине жүктөлөт.