Өлкөдө эки жылга жайыт жерлерин колдонууга чектөө киргизилет

Өлкөдө эки жылга жайыт жерлерин колдонууга чектөө киргизилет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жакынкы жайыттар интенсивдүү пайдаланылып жаткандыгына байланыштуу министрлик жергиликтүү мамлекеттик органдарга жайыт жерлерине мал жаюуга чектөө киргизүүнү сунуштады.

 

Чектөөлөр 2025-жылдын 15-апрелинен 15-сентябрына чейин созулат, андан ары ушул 5 айлык чектөө 2027-жылга чейин киргизилип турат. Ведомстводон кошумчалашкандай, бул өз кезегинде жайыттарды жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.