Айыл чарба министрлиги аз камсыздалган үй-бүлөлөргө социалдык программа ишке киргизет

Айыл чарба министрлиги аз камсыздалган үй-бүлөлөргө социалдык программа ишке киргизет. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Бакыт Төрөбаев билдирди.

 

Анын айтымында, механизм Эмгек министрлиги тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан “Социалдык келишим” долбооруна окшош болот.

 

Программанын алкагында муктаж жарандарга жер тилкеси же аары чарбачылыгы берлет. Учурда долбоордун жол жобосу иштелип чыгууда.