Аба-ырайынын кескин начарлашына байланыштуу куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат

Аба-ырайынын кескин начарлашына байланыштуу куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат. Айрыкча, жолдордо абайлаш керек, — дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

 

Карга байланыштуу трассаларда көрүү начарлап, транспорт кыймылы татаалданып, жолдордо тыгындар жана авариялык абалдар жаралат. Айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, унааларды ашып өтпөй жүрүү сунушталат. Ал эми жөө жүрүүчүлөр жолду тиешелүү гана жерден өтүшү керек.