Чемпиондор лигасынын 5 жолку чемпиону, жарым коргоочу Гарет Бейл карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады

Чемпиондор лигасынын 5 жолку чемпиону, жарым коргоочу Гарет Бейл карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. 33 жаштагы спортчу бул чечим ага кыйынга турганын моюндады.

 

Бейлдин соңку клубу “Лос-Анжелес” болуп калды. Ал эми ага чейин футболчу “Реал Мадриддин” жылдыздуу оюнчуларынын бири болгон. Бул испаниялык клуб менен Гарет Бейл 5 ирет Чемпиондор лигасын, 3 жоу Испания чемпионатын жана УЕФА Суперкубогун багындырган.