Айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керек

Тоолуу аймактарга барууну пландап жаткан айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн алмаштырышы керек. Унаа жана жолдор министрлиги маалымдагандай, бүгүн жана эртең республика боюнча туруксуз аба ырайы сакталып, тоолордо кар жаашы күтүлөт.

 

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон ашууларынан өткөндө сөзсүз түрдө чынжырчалар болушу зарыл.

 

Мындан тышкары, жол эрежесин так сактап, атайын техниканын иштешине тоскоолдук кылбоо сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.