Бүгүн коомдук коопсуздукту 12 миңден ашык милиционер камсыздайт

Бүгүнкү Нооруз майрамына байланыштуу 12 миңден ашык милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

 

Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге жана стратегиялык маанилүү объектилерге бөлүнөт.