Кыргызстанда жергиликтүү кеңештер таркатылат

Кыргызстанда жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында шаардык жана айыл аймактык кеңештер таркатылат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Документти Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алган. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү төрт жылдан беш жылга чейин узартылган.

 

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалып жатканын билдирген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.