Кыргызстанда элдин шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөндөдү

Кыргызстанда элдин шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөндөдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

 

Анын айтымында, мурда шайлоого стабилдүү түрдө дээрлик 2 миллиондой адам катышып жүргөн болсо, 2021-жылдан тарта 1 миллион 400 миң, айрым учурда андан да төмөн болгон.

 

Алсак, соңку парламенттик шайлоодо 1 миллион 300 миң жаран добуш берүүгө катышкан.