Министрлер кабинети милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдар менен объектилердин тизмегин бекитти.
Өкмөт өрт коопсуздугун камсыз кылуу, мүлктү тилсиз жоонун коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо максатында 31-июлдагы №445 токтомун кабыл алганын белгилеген. Анда тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, уюм, мекемелерге өрткө каршы кызматты түзүү, уюштуруу, көзөмөлдөө боюнча милдеттер жүктөлгөн.