Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды.
Ага ылайык, 5-апрелден 1-октябрга чейин таңкы саат 7ден түнкү 9га дейре жүк ташуучу унааларга муниципалдык жолдо жүрүүгө тыюу салынат.
Убактылуу чектөө механизми гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга, автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылгандарга, атайын тапшырыктын негизинде жүк ташыгандарга колдонулбайт.