«Айыл чарбаны каржылоо» долбоорунун алкагында ишкерлерге 3 млрд 277 млн сомдон ашык насыя берилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, жеңилдетилген кредитти 8 миң 300дөй адам алды.
Насыя эки категория – мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү боюнча берилген.
Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору аркылуу дыйкандарга насыя берүү үчүн 7 млрд сом бөлүнгөн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.