Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле ушул жылга пландар каралды.
«Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыгына оң баа берилди, жакшы натыйжалар орун алган.
2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өстү.
2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды», — деди Эдил Байсалов.
Жыйында белгиленгендей, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
2022-жылы 3 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилип, ошондой эле кошумча жаңы мектеп имараты курулган.