Ак-Суу районунда электр тармактарын модернизациялоо иштери уланууда.
Жыл башынан бери энергетиктер 1 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотсо, жыл аягына чейин алардын санын 5 миңге жеткирүү пландалууда, — дешти Улуттук электр станциялары компаниясынан.
Керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн Шахты-Жыргалаң жана Жергез айылдарында эки трансформатор подстанциялары орнотулуп, жалпы узундугу 800 метр электр өткөрүү линиясы тартылат.