Кыргызстандын куткаруучулары Түркиядан кайтып келишти

Кыргызстандын куткаруучулары Түркиядан кайтып келишти.

Аларды бүгүн таңга жуук “Манас” эл аралык аэропортунан Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жана мекеменин өздүк курамы тосуп алышты.

Табигый кырсыктан жапа чеккен түркиялыктарга жардам берүү үчүн Кахраманмараш жана Хатай шаарларында Кыргызстандан барган 170тен ашык куткаруучу, дарыгерлер жана психологдор иштеди.

Алар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгышты.