АКШда өспүрүм “Тетрис” оюнун толугу менен өткөн биринчи адам болуп калды

АКШда өспүрүм “Тетрис” оюнун толугу менен өткөн биринчи адам болуп калды. 13 жаштагы Уиллис Гибсон оюн приставкасында акыркы, 157-деңгээлге жеткенден кийин, оюн программалык чектөөлөрдүн айынан иштебей калды.

 

Буга чейин мындай деңгээлге  жасалма интеллект гана жеткен. Эске салсак, “Тетрис” оюну 40 жыл мурда пайда болуп, учурда дагы популярдуулугун жоготпой келет.