АКШнын Кыргызстандагы элчилиги шылуундар тууралуу эскертет

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги шылуундар тууралуу эскертет.

Эгер Кошмо Штаттардагы конференцияга, симпозиумга же башка иш-чарага орун сунушташса жана уюштуруучу виза үчүн акча же АКШнын башка мамлекеттик жыйымдарын сураса, ишенбөө керек.

Элчилик виза жыйымдарын төлөөнү консулдук бөлүмдө виза боюнча маектешүү күнү жеке өзү гана кабыл аларын эскертет.

Виза боюнча бардык жыйымдар АКШ элчилигинин сайтында жайгаштырылган.

Америка Кошмо Штаттарына саякат үчүн эч кандай кошумча мамлекеттик төлөмдөр жок.