Ала-Арча капчыгайынын үстүндөгү Адыгене жана майда көлдөрдүн дамбасынын жырылуу коркунучу жок

Ала-Арча капчыгайынын үстүндөгү Адыгене жана майда көлдөрдүн дамбасынын жырылуу коркунучу жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, калк арасындагы кооптонуудан улам ведомство кызматкерлери жерине барып, аталган көлдөрдө суунун деңгээли жылдык нормага ылайык болуп, дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экенин билдиришти.

 

Учурда тоо көлдөрүн байкоо жүргүзүү үчүн талаа-изилдөө жумуштары пландалды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.