Садыр Жапаров менен Россия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгында 6 документке кол коюлду

Садыр Жапаров менен Россия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгында 6 документке кол коюлду.

 

Өлкө башчы администрациясынан билдиришкендей, макулдашуулар айыл чарба, билим берүү, юстиция, айлана чөйрөнү коргоо жана биологиялык коопсуздук тармактарына тиешелүү.

 

Белгилеп кетсек, Россия президенти Владимир Путин расмий сапар менен Кыргызстанга бүгүн келди. Анын алкагында өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалган.