Ала-Букада 400гө жакын жарандын турак жайы мыйзамдаштырылды. Аларга кызыл китептер тапшырылганын райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак жайын мыйзамдаштыруу боюнча 2 миң 200дөн ашык жарандан арыз түшкөн.
Учурда Ак-Коргон айыл аймагынан 44 гектардан көп жер аянты такталып, комиссиянын кароосунан өткөрүлдү. Анын алкагында 370 жарандын турак жайы мыйзамдаштырылды.