Кыргызстан жол реконструкциялоого Ислам банкынан дагы 45 миллион доллар насыя алат.
Жогорку Кеңештин Бюджет экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 20 жылга кошумча кредит тартуу боюнча документти бир эле учурда үч окууда ратификациялады.
Буга чейин Ислам өнүктүрүү банкы 25 жылга 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө 50 миллион доллар насыя берген. Каражат Суусамыр — Талас — Тараз жолун жакшыртууга багытталууда.