Алай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди

Алай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Алай райондук соту көчүп кирген имарат 1982-1983-жылдары Жол эксплуатациялык башкармалыгы менен Курулуш башкармалыгынын мекеме-ишканалары үчүн кеңсе катары курулган. Жогорку сотка караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын балансына 2019-жылы мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде өткөрүлүп берилген.

 

Бул имараттын капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинде эки судья, жети аппарат жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, ошондой эле 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.