Ар бир үчүнчү кыз бекер тамактануу үчүн жолугушууга барат

Ар бир үчүнчү кыз бекер тамактануу үчүн жолугушууга барат. Америкалык социологдор кыздардын жана жаш аялдардын арасында олуттуу эмес жолугушууларга кандай көз карашта экенин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүштү. Сурамжылоого катышкандардын 33 пайызы жолугушууга жок дегенде бир жолу романтикалык сезимдерден эмес, тамак үчүн гана барышкан.

 

Психологдор мындай кадамга барган аялдардын түрүн да аныкташкан. Алар башка адамдардын жүрүм-турумун манипуляциялоону билишет жана ошол эле учурда эмпатия деңгээли төмөндөп кеткени белгиленет.

 

Бирок адистер мындай жүрүм-турум аялдарга гана эмес, эркектерге да мүнөздүү экенин жокко чыгарышпайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.