Таиландда пилдердин улуттук күнү белгиленди.
Бул майрам өлкөнүн улуттук жана маданий өзгөчөлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Көңүл ачуучу датанын урматына Таиланддагы ботаникалык парктардын бири 60 коногун жашылча-жемиш менен сыйлады.
Сегиз метрлик столго пилдин үч тонна азыгы коюлган.
Белгилеп кетсек, майрам сүт эмүүчүлөрдүн бул түрүн сактап калуу максатында 1998-жылы Таиланд өкмөтү тарабынан расмий түрдө бекитилген.