«Кумтөр» боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, иш кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жабылды.
Акаевге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.
Мурдагы президент акыркы эки жылда көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке бир нече ирет келип кеткен.
Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен.