Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жаңы шаар 10 жылдын ичинде курулуп, асмандан караганда ал улуттук музыкалык аспап – комузду чагылдырат.

 

Эске салсак, бийлик Балыкчыга жакын жерде “Асман” деп аталган шаар курууну көздөп жатат.

 

Анда дээрлик 500 миң адам жашайт деп болжолдонууда, бул Ысык-Көл облусунун калкынан көп. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 20 миллиард доллар керектелет.