Автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүү сунушталды

Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүү сунушталды. Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

 

Мыйзамга ылайык, азыркы учурда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кооптуу жүктөрдү жана атайын, адистештирилген транспорт каражаттары техникалык кароодон милдеттүү өтүшү керек.

 

Министрлик мындай чара экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөй турганын белгиледи.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.