Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекетке электр энергиясын сата алат

Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекетке электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул максатта Эмгек министрлиги Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат.

Программанын алкагында Чүй жана Жайыл райондорунда жашаган аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн кубаттуулугу 5тен 10 кВт саатка чейин күн батареялары бекер орнотулат.

Мында аккумуляторлордон өндүрүлгөн электр энергиясынын бардыгын жөлөк пул алуучулар пайдаланып, ашыкчасын мамлекет сатып алат.