Россияда учуп бараткан учактын каалгасы ачылып кетти

Россияда учуп бараткан учактын каалгасы ачылып кетти.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Ан-26 учагы Магандан Магаданга учуп бараткан.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, лайнердин эшиги учуп баратканда чыгып кеткен.

Окуяга күбө болгондор белгилешкендей, элдин баш кийими да кошо учкан.

Кулап кете жаздаган самолет аэропортко кайра кайтып келген.

Бактыга жараша, окуядан эч ким жабыркаган жок.