Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

Бүгүн Бишкекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышат.

 

Ал эми Кыргызстандын намысын Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар коргойт.