Бүгүн Кыргызстанда 100 объект ишке берилди

Бүгүн Кыргызстанда 100 объект ишке берилди. Президенттик адинистрациядан билдиришкендей, анын 40ы өндүрүш ишканалары болсо, 60ы социалдык обьектилер.

 

Алардын арасында мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, турак жайлар, спорт имараттары жана маданият мекемелери бар. Мындан тышкары курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, кичи ГЭСтер, соода-логистикалык борборлор, текстиль буюмдарын чыгаруучу ишканалар ачылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.