Кыргызстан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 миллион доллар алат

Кыргызстан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 миллион доллар алат.

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети  Ислам ѳнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун долбоорун карап, жактырды. Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат.

 

Жылдык пайыздык чен 1,5 пайыз деп эсептелет. Каражат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында үйлөрдү курууга жумшалат.