Бүгүн Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Бүгүн Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун экинчи этабы башталды.

 

Билим берүү министрлиги эске салгандай, өнөктүк 13-январга чейин уланат. Бул убакыттын ичинде абитуриенттердин тизмесин каттоо жана жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт. Андан кийин алар билим ала тургандыгын ырасташы керек.

 

Кошумчалай кетсек, биринчи турда 237 талон катталган. Жогорку окуу жайлар 219 абитуриентти кабыл алууну сунуштап, анын ичинен 182си кабыл алынган.