Бүгүн жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталат.
Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдайт. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча окуу жайларга абитуриенттерди тандоо 15-июлда башталып, 14-августта аяктайт.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жөнөтүү керек.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.