Ош шаарындагы №27 орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат.
Жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда курулуштун жалпы 40%га жакыны аяктады.
Планга ылайык, имарат 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет. Курулуштун тендердик баасы 94,9 млн сомду түзөт.