Бүгүнтөн тарта Бишкекте №25 жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
№25 автобустун акыркы аялдамалары Ала-Тоо жана Кара-Жыгач конуштарында болот. Линияга 22 автобус 10 мүнөттүк аралык менен чыгат.
№175 автобустун акыркы аялдамалары Жаштар кварталында жана Маевка айылында болот. 20 автобус линияда 10 мүнөт аралык менен жүрөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.