Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам жиберди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 4-октябрдан 16-октябрга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган топ Бадахшан провинциясына, ошондой эле Афганистандын Кичи жана Улуу Памирине 2 тоннага жакын жардам жеткирди.

 

Гуманитардык жардам дары-дармектер жана ветеринардык препараттардын партиясынан турат. Педиатр, терапевт, стоматолог, гинекологдордон турган медицина кызматкерлер үч күн ичинде 600дөн ашык жергиликтүү тургунду медициналык кароодон өткөрүп, дарылашты.

 

Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.

 

Соңку маалыматтарга караганда, 10-октябрда Афганистанда болгон жер титирөөдө 1500 адам өлүп, 2000дей адам жарадар болгон. Дагы 43 000 адам жабыркады. Бул тууралуу БУУнун Афганистандагы гуманитардык координаторунун милдетин аткаруучу Даниел Эндрес дүйшөмбү күнү журналисттерге билдирди.

Жер титирөөдөн 3300дөн ашык үй толугу менен кыйрап калган. Суу түтүктөрүнө жана скважиналарга олуттуу зыян келтирилген, ал эми талкаланган курулуштардан ири көлөмдөгү таштандылар жана урандылар суунун булганышына, оорулардын чыгышына алып келиши мүмкүн.

 

БУУ Афганистанда жабыр тарткан аймактарды калыбына келтирүү жана жакынкы алты ай ичинде жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча гуманитардык операциялар үчүн жалпысынан 93,6 миллион доллар талап кылынат.