Бүгүнтөн тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт

Бүгүнтөн тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ага ылайык, виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдардын консулдук жыйымы 45 евро турат.

 

Мындан тышкары, Евробиримдикке мүчө Болгария менен Румыния 1-апрелден тарта үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына кыска мөөнөттүү Шенген визасын берип жатканы кабарланды.