15-июндан тарта Грозный – Бишкек – Грозный аба каттамы кое берилет

15-июндан тарта Грозный – Бишкек – Грозный аба каттамы кое берилет. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, багыт боюнча лайнерлер жумасына бир ирет – бейшемби күндөрү учат.

 

Кошумчаласак, эки шаар ортосунда аралык 2 миң чакырымды түзөт. Учуу убактысы 3,5 саат.