Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең ушул жумада ишке кирет

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең ушул жумада ишке кирет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Таластагы ГЭС Киров суу сактагычынын ушул кезге чейин пайдаланылбай келген ресурстарын эффективдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.

 

Эске салсак, аталган суу сактагычтагы ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт. Ал жылына 92 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат.