Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3 млрд кВт/сааттан ашат

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3 млрд кВт/сааттан ашат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, суу тартыштыгынан улам Кыргызстандагы гидроэлектрстанциялар бул жылы 14 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт деп саналууда.

 

Өлкөдө жалпы керектөө 17 млрд кВт/сааттан ашышы мүмкүн. Тартыштык Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан алынган электр энергиясы менен толтурулат.

 

Анткен менен жарандарга жарыкты үнөмдүү колдонуу сунушталат.