Балдарды мектепке электрондук каттоонун аякташына үч күн калды. Билим берүү жана илим министрлиги эскерткендей, мөөнөт 30-августта аяктайт.
Каттоо бош орундар бар мектептерде жүргүзүлөт. Ал үчүн баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү арызды маалыматтык система аркылуу бериши керек.
Учурда 126 миңден ашык бала 1-класска кабыл алынды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.